Быйыл ички иштер органдарына 600дөн ашык кызматтык унаа тапшырылды
2025-жылы ички иштер органдарына 600дөн ашык заманбап кызматтык унаалар берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милициянын материалдык-техникалык базасы мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлде жаңыланды, бул коомдук коопсуздукту камсыздоого өбөлгө түзөт.
Унаалардын катарында JAC, JEEP, BMW, Lexus, Toyota, Chevrolet Cobalt, Hyundai, KIA, Changan, Lixiang, “ГАЗ Соболь”, “Лада Нива Легенда” сыяктуу дүйнөлүк жана ата-мекендик бренддердеги унаалар, ошондой эле күжүрмөн техникалар, мотоциклдер бар.
Белгиленгендей, бардык транспорт каражаттары ИИМдин борбордук бөлүктөрүнө жана аймактардагы ички иштер органдарына ырааттуу түрдө бөлүштүрүлдү.