Быйыл буудай 9,2 миң гектарга көп себилди

Өлкө боюнча буудай өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,2 миң гектарга көп себилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда республиканын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында жазгы талаа жумуштары активдүү уланууда. Бүгүнкү күндө жалпы 248,6 миң га жерде айдап-себүү иштери жүргүзүлдү.
Анын ичинен:
Буудай – 62,4 миң га себилип, жалпы пландын 60,6 % түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,2 миң га көп себилди. Айрыкча Баткен облусунда буудай себүү иштеринин 98 % аткарылды.
Арпа – 118,8 миң га себилип, структурага ылайык жалпы пландын 49,2 % түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 47,4 миң га көбүрөөк себилди. Белгилей кетсек, 2025-жылы жаздык арпа себүү 241,3 миң га аянтта жүргүзүлөрү күтүлүүдө.
Жүгөрү – 27,3 % ды түзүп, учурда 29,5 миң га аянтка себилди.
Картошка – республика боюнча 12,7 миң га аянтка отургузулуп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,5 миң га көбүрөөк отургузулду.
Жашылча-бакча өсүмдүктөрүн айдоо жумуштары Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында башталып 11,5 миң га себилип, 2024-жылга салыштырмалуу 2,5 миң га көп себилди.
Май өсүмдүгү – 4,2 миң га жерге айдалып пландын 25 % аткарылды былтыркы жылга караганда 1,8 миң га көп.
Ал эми кант кызылча Чүй жана Талас облустарында 1,0 миң га жерге айдалды.
“Айыл чарба министрлиги жазгы талаа иштерине зарыл болгон агротехникалык иш-чараларды өз убагында өткөрүүгө шарт түзүп, заманбап технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурууда”,-деп айтылат маалыматта.