Быйыл блокчейн технологиялары колдонулган 19 кылмыш иши козголгон
Кыргызстанда жыл башынан бери блокчейн технологиялары колдонулган 19 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар тармагын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.
Ал жыйында санариптик технологиялар жана глобалдашуу шартында виртуалдык активдер тармагындагы коопсуздукту камсыздоо мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экенин белгиледи.
Министр санариптик экономика мүмкүнчүлүктөр менен кошо киберкылмыштуулук, кылмыштуу кирешелерди адалдоо, терроризмди каржылоо жана жеке маалыматтардын агып чыгуусу сыяктуу жаңы тобокелдиктерди жаратарын айтты.
ИИМ бул багытты улуттук жана коомдук коопсуздуктун негизги системаларынын бири катары карайт жана мыйзамдык жөнгө салууну, техникалык коргоо чараларын, адистерди даярдоону жана эл аралык кызматташтыкты камтыган комплекстүү мамиле керек деп эсептейт.
Ал ИИМ кызматкерлери үчүн эл аралык Binance крипто платформасы менен биргеликте криптовалюталар жана киберкоопсуздук боюнча окууларды өткөргөнүн белгиледи.
Булак “Кабар” агенттиги