Быйыл Бишкекте дем берүүчү грантка 10 млн сом каралган

 Быйыл Бишкекте дем берүүчү грантка 10 млн сом каралган

Борбор калаанын акимчиликтеринде дем берүүчү (үлүштүк) гранттар боюнча жыйын өттү.

Свердлов районунда 11 долбоор каралды. Бардык долбоорлор жактырылып, жалпы суммасы 5 435 893 сомдук дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоо  сунушталды.

Октябрь району боюнча 10 долбоор каралды. Бардык долбоорлор жактырылды жана жалпы суммасы 5 348 589 сомду түзгөн дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоо  сунушталды.

Негизинен каражат жумшак чатырларды, жүргүнчүлөрдү ташуучу лифттерди оңдоого, терезе блокторун алмаштырууга жана башкаларга багытталган. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун гранттык комиссиясы жөнүндө 2009-жылдын 2-декабрындагы №115 жобого ылайык, гранттык каражаттардын эсебинен каржылоого арыздар жана долбоорлор Бишкек шаарынын бюджети бекитилгенден кийин кабыл алынат.

Быйыл 10 000 000 сомго жакын каражат бөлүнгөн.

Эске салсак, гранттар Бишкек шаарынын жана жергиликтүү жамааттардын аймагын өнүктүрүүгө, социалдык активдүүлүктү жогорулатууга жана коммуналдык жана башка турмуштук маселелерди өз алдынча чечүүнү калыптандырууга багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоого бөлүнөт.

Связанный пост