Быйыл Бишкекке 600дөн ашык автобус алуу пландалууда
Быйыл Бишкекке 625 автобус алуу пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мэр Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, иштер Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
Жаңы автобустар чакан габариттүү болот.