Быйыл Баткенде жабыркаган ишкерлерге кредит берүүгө республикалык бюджеттен  90,3 млн сом каралат

 Быйыл Баткенде жабыркаган ишкерлерге кредит берүүгө республикалык бюджеттен  90,3 млн сом каралат

Баткен облусунун жабыр тарткан ишкерлерине зыяндын ордун толтуруу максатында, 2023-жылга, жабыркаган ишкерлерге кредиттик каражаттарды берүүгө республикалык бюджеттин эсебинен 90,3 млн сом суммасында акча каражаттары каралган. Бул тууралуу КРнын Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

КР Каржы министрлигинин Финансы-кредиттик фонддун кызматкерлери, Баткен облусунун Баткен шаарында, Баткен жана Лейлек райондорунда жалпысынан  212 жабыркаган субъекттер менен  жумуш алып барып, 75 ишкер менен кредиттик келишим түзгөнгө жетишти. Азыркы учурда калган ишкерлер менен кредиттик каражаттарды берүү максатында белгиленген иштер жүргүзүлүп жатат.

Связанный пост