Быйыл Баткенде 20 социалдык жана 4 өнөр жай объектиси ишке кирди
2026-жылдын 9 айында Баткен облусунда 20 социалдык жана 4 өнөр жай объектиси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустун 9 айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарган жыйында белгилүү болду.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мындан тышкары учурда облустук Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 38 объектте курулуш жана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.
“Жыл аягына чейин 13 объектти бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалган”, – деп айтылат маалыматта.