Быйыл Баткенде 13 ири өндүрүш ишканасы пайдаланууга берилет

 Быйыл Баткенде 13 ири өндүрүш ишканасы пайдаланууга берилет

Быйыл Баткен облусунда 13 ири өндүрүш ишканасы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ошентип, жыл соңуна чейин пайдаланууга берүү мерчемделген өндүрүш ишканалары төмөнкүлөр:

  • Кадамжай районундагы “Кожо-Кайыр-1” 300 кВт кичи ГЭСи;
  • Кадамжай районунун Жеңиш айылында жайгашкан “Халмион Пром” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан автогазоблок заводу;
  • Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында курулуп жаткан Кыргыз-Түрк биргелешкен мунайды кайра иштетүүчү заводу;
  • Айдаркен шаарындагы таш майдалоочу жана бетон аралаштыруучу завод;
  • Лейлек районунун Катраң айылындагы соода-логистикалык борбор;
  • Лейлек районундагы “Сүлүктү талаа-11” көмүр кени;
  • Сүлүктү шаарындагы “Адахан” көмүр кени;
  • Сүлүктү шаарындагы “Мурас” көмүр кени;
  • Баткен районунун Самаркандек айылындагы логистикалык борбор;
  • Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы пластикалык калдыктарды кайра иштетүүчү завод;
  • Баткен районунун Самаркандек айылындагы жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү цех;
  • Кызыл-Кыя шаарындагы шифер комбинатынын курулушу;
  • Баткен шаарынын өнөр-жай зонасында жайгашкан асфальт-бетон заводу.

Связанный пост