Быйыл бала бакчаларды каржылоого 408 млн сом бөлүнөт

Быйыл бала бакчаларды каржылоого 408 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылы жаңы бала бакчалардын кызматкерлеринин айлык акысын төлөө үчүн 425 млн сом бөлүнүп, жергиликтүү бюджеттер аркылуу каржыланууда.
“2025-жылы дагы 408 млн сом бала бакчалардын каржылоосуна багытталат”, – деди ал.
Ошондой эле Эдил Байсалов депутаттар тарабынан ар бир мектепке психологдор менен медицина кызматкерлеринин штаттарын ачуу, медицина кабинеттери тууралуу тапшырма берилгенин белгилеп, аткарылган иштерге токтолду.
“Бул боюнча өкмөт токтом долбоорун даярдаган. Бирок кошумча каржылоонун жоктугунан улам бул маселе убактылуу токтоп турган. Бирок январь айында кабыл алынган чечим менен бизде кошумча балдар маселелери боюнча 550 социалдык кызматкердин штаттары ачылды. Ошондой эле 1-2 жума мурда ар бир мектепте жашы жете электер менен иштеген инспекторлорго кабинеттер ачылып берилди”, – деди Байсалов.