Быйыл өлкөдө пайдаланылбай калган айдоо жерлердин аянты 3,3 миң гектарга кыскарат

Быйыл өлкөдө пайдаланбай калган айдоо жерлердин аянты 3,3 миң га кыскарып, 35,7 миң гектарга чейин азаят. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Башкача айтканда, 2025-жылы жалпы себүү аянты 1 млн 250 миң гектарды түзүп, өткөн жылга карата 3,3 миң гектарга көп пландалды.
Айтсак, буга чейин пайдаланбай жаткан айыл чарба жерлери 2023-жылы 43 миң га аянтты, ал эми 2024-жылы 39 миң га аянтты түзгөн.
Азыркы учурда жазгы талаа иштерин жүргүзүүдө дыйкандарга өсүмдүктөрдүн жана мөмө-жемиштердин түшүмдүүлүгү жогору болгон сортторун өстүрүүнү сунушталып жатат.
Белгилей кетсек, жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 42,2 миң тонна дизель, 12 миң тонна бензин керектелет. Бүгүнкү күндө күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоодо көйгөй жок.
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана автомай куючу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө бар.
Мындан тышкары, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 2025-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында 10 миң тоннага чейин дизель дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген 65 сомдук баада берип жатат.