Быйыл өлкөдө 11 миң үй-бүлө көгүлтүр отко кошулат

Быйыл өлкөдө 11 миң үй-бүлө көгүлтүр отко кошулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул бир гана компаниянын чечими эмес. Бул мамлекеттик органдар тарабынан тыгыз иштелип чыккан чечим. Газдаштырууда борбор калаа менен Чүй облусуна басым жасалып, учурда Новопокровка айылына көгүлтүр от киргизүү иштери жүрүп жатат.
“Себеби, өзүңүздөр билгендей борбор калаабызда экология көйгөйү чечилбей келе жатат. Чүй облусундагы бир нече айылдагы ыштар шаарга шамал менен учуп келет экен. Ошондуктан бизге Чүй облусундагы айылдарды, шаарларды дагы газдаштырууга туура келип жатат”,-деди ал.
Ал белгилегендей, экология жана энергетикалык себептерден улам көгүлтүр от киргизүүдө көйгөй жаралууда.
“Анын эң негизгиси акча каражатынын жетишпестиги. Бир үй-бүлөгө газ киргизүү орточо эсеп менен 30-35 миң сом болуп жатат. Бирок, бул көчөдөгү газ түтүгү үйдөн канчалык алыс болсо, ошончо кымбат болуп кете берет. Ал эми жылытууну газдаштыруунун баасы орточо эсеп менен 100 миңге жетет”,-деди ал.
“Элдик банк” ААКтын кредиттик продуктуларды иштеп чыгуу жана коштоо бөлүмүнүн башчысы Мелисбек Мамбетов газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо шарты менен 3-долбоор ишке киргенин белгиледи.
“Анын алкагында 150 миң сомго чейинки насыялар күрөөсүз, үч пайыз менен берилмекчи. Аны 12 же 24 айга алууга болот. Негизги шартыбыз кардардын өздүгүн тастыктоочу документи жана киреше булагы бар болушу керек. Эгерде бар болсо газдаштыруучу компаниянын документтери жана сметалык баасын берсе жетиштүү”,-деди ал.