БУУнун башкы катчылыгы Кыргызстан менен Тажикстандын Мамлекеттик чек ара келишимин колдойт

БУУнун башкы катчысы 2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын президенттери тарабынан Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюлганын колдойт.
Катчылыктын маалыматына ылайык, эки өлкөнү тең бул тарыхый жетишкендиги менен куттуктоо менен, ондогон жылдарга созулган сүйлөшүү процессин ийгиликтүү аяктоого мүмкүндүк берген лидерликти, чечкиндүүлүктү жана саясий эркти жогору баалайт.
«Башкы катчы өз ара ишенимди, жакын коңшулаштык мамилелерди чыңдоо жана эки өлкөнүн жана бүткүл региондун элдери үчүн тынчтык келечегин камсыз кылуу үчүн эки өлкөнүн ортосундагы конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү уланта берет деп үмүттөнөт.
Стефан Дюжаррик, БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы.
Нью-Йорк, 13-март, 2025-жыл»,-деп айтылат маалыматта.