Бундестагдын депутаттары Кыргызстандын өнүгүү темпине жогору баа беришти

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Германия Федеративдүү Республикасынын Бундестагынын “Борбор Азия – Германия” Достук тобунун депуттары менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана аймактар аралык кызматташууга байланыштуу кеңири маселелерди талкуулашты.

Адылбек Касымалиев парламенттер аралык диалог узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойной турганын, Бундестагдын Достук тобу бул процесске олуттуу практикалык салым кошуп жатканын белгиледи. Германия Европа биримдигиндеги Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экени, эки тараптын ортосундагы мамилелер ишенимдүү саясий диалогго жана аймактагы туруктуулукка жана өнүгүүгө өз ара милдеттенмеге негизделгени белгиленди.

Минкаб башчысы немис конокторуна Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүшү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, ал министрлер кабинети бизнес климатын жакшыртууга, административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүүгө жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүгө багытталган ырааттуу реформаларды ишке ашырууну улантып жатканын белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы немис бизнесинин Кыргызстанга болгон кызыгуусунун өсүп жатканын белгилеп, агроөнөр жай, өндүрүш жана өнөр жай тармактарындагы кызматташуунун ийгиликтүү мисалдарын белгиледи.

Маданий-гуманитардык чөйрөдө тараптар билим берүү жана илимий-гуманитардык байланыштар динамикалуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилешти.

Өз кезегинде германиялык делегациянын башчысы Кыргыз Республикасын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады. Немис парламентарийи ошондой эле Кыргызстандагы азыркы кырдаалды 2023-жылы республикага болгон мурдагы иш сапары менен салыштырып, акыркы жылдардагы өнүгүүнүн ылдам темптери жана масштабдуу трансформациялар ага терең таасир калтырганын белгиледи.

Жолугушуунун аягында тараптар талкууланган бардык багыттар боюнча активдүү кызматташууну улантууга жана Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы узак мөөнөттүү, өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүү максатында парламенттер аралык байланыштарды андан ары чыңдоого көмөктөшүүгө макулдашышты.

Связанный пост