Бухгалтерлердин отчетторунун баары санариптештирилет

Бухгалтерлердин отчетторунун баары санариптештирилет. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында юстиция министри Аяз Баетов билдирди.
Анын айтымында, Финансы министрлигине кагаз түрүндө бухгалтердик отчет берүүдөн таптакыр баш тартуу сунушталууда. Эми бардык зарыл болгон финансылык документтер электрондук түрдө гана түзүлөт.
“Бул убакытты, ресурстарды үнөмдөйт жана жергиликтүү бийлик органдары үчүн да, республикалык структуралар үчүн да процесстерди жөнөкөйлөтөт. Азыр кагаз түрүндө берилген отчетторду, электрондук түрүндө дагы берип, бирин-бири кайталоодо. Бизде дагы эле компьютерде отчет түзүү, андан кийин аны кайра кагазга чыгарып, тиркелип, сакталат. Бул өзгөчө каржы бөлүмдөрүнүн убактысын алат жана чыгым дагы болушат”,-деди ал.