БШК ЖК депуттарын шайлоого кете турган чыгымдын сметасы бекитти

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-октябрда “2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө” токтомду талкуулап, кабыл алды.
Боршайкомдон маалымдашкандай, токтомго ылайык мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө жалпы көлөмү 700 млн сом болгон чыгымдардын сметасы бекитилди.
Бул каражаттар төмөнкүдөй багыттар боюнча бөлүштүрүлгөн:
- Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдары – 382 млн 757 миң сомду түзөт. Бул суммага шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон шайлоо комиссиялары үчүн борборлоштурулган сатып алуулар, шайлоо участкаларын техникалык жабдуу, маалыматтык материалдарды даярдоо, окутуу жана сый акы төлөө, иш сапарлар чыгымдары жана башка уюштуруу иштери кирет;
- Округдук шайлоо комиссияларынын (ОШК) чыгымдары – 259 243 000 (Эки жүз элүү тогуз миллион эки жүз кырк үч миң) сомду түзөт. Бул сумма шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана техникалык операторлорго сый акы төлөө, иш сапарларды жана транспорттук чыгымдарды жабууга жумшалат.
- Тышкы иштер министрлигинин катынын негизинде чыгымдардын жалпы суммасы 58 млн сомду түзөт. Бул каражат шайлоо мезгилинде өлкөнүн аймагынан тышкары башка мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылууга багытталат.
Чыгымдар төмөнкү негизги көрсөткүчтөргө таянып эсептелген:
- округдук шайлоо комиссияларынын саны – 30, мүчөлөрүнүн саны – 450 адам;
- участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) саны – 2622 (анын ичинде 100 чет элдик мекемеде жана 30 кошумча УШК), мүчөлөрүнүн саны – 25 720 адам(анын ичинде автоматтык эсептөөчү жабдуулар менен иштеген операторлордун саны – 5000 УШК мүчөлөрү, шайлоочуларды идентификациялоо жабдууларын иштеткен операторлордун саны – 5000 УШК мүчөлөрү);
- шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда жарандарды идентификациялоо боюнча техникалык кызматтарды көрсөтүүчү сырттан тартылган операторлор (УИК үчүн) – 2500 адам;
- техникалык колдоо көрсөтүүчү операторлордун саны – 600 адам.