БШК: Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо айрым эрежелердин өзгөрүүсү менен өтөт

 БШК: Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо айрым эрежелердин өзгөрүүсү менен өтөт

Шаардык кеңештерге шайлоодо саясий партиялар үчүн шайлоо босогосу 7 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүлүп, айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү жокко чыгарылды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, өзгөртүүлөр “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга ылайык киргизилген.

“17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо бир катар өзгөрүүлөр менен өткөрү турат. Бул шаардык кеңештерге шайлоо босогосунун төмөндөөсү, экинчиден айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсүнүн жоюлуусу. Андан сырткары, администртивдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга каршы чара катары кошумча талаптар коюлуп жатат. Мисалы, мамлекеттик же муниципалдык ишканалардын жетекчилери шайлоого катышса, алар өзүнүн кызмат ордун толугу менен өткөрүп берип анан катыша алат. Башка категориядагылар кызматын убактылуу токтотуп катыша алышат”,- дейт Шайлдабекова.

Ошондой эле, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн “Электрондук талапкер” программасы ийгиликтүү ишке киргизилип, ал талапкерлерге документтерин электрондук түрдө киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Шайлдабекова маалымдагандай, ар бир шайлоо участокто видео байкоо жүргүзүлөт. Камералар коомчулук тарабынан шайлоо процессине мониторинг жүргүзүү шарттарын түзүү максатында коюлуп жатат.

Административдик аймактык реформанын алкагында 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттар шайланат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Төлөгөн Айтикеев билдирди.

Анын айтымында, административдик аймактык реформага чейин 484 жергиликтүү кеңеш болуп, анын ичинде 32 шаардык жана 452 айылдык кеңешке депутаттар шайланып келген.

“БШК тарабынан бекитилген календардык планга ылайык, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдыктар жүрүп жатат. Шайлоого катышууну ниет кылган саясий партиялар үчүн атайын тренингге 45 саясий партиянын өкүлдөрү катышты. Тренингдин максаты жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого катыша турган партия өкүлдөрүнө мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр, талапкерлерди көрсөтүү, тизмесин түзүү жана талапкерлердин катталышы боюнча маалымат берүү. Ошондой эле, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү, фонддогу каражаттардын чыгымдалыш тартиби түшүндүрүлөт. Андан тышкары, электрондук талапкер порталына талапкерлер кандай каттала алышат, ошол тууралуу маалымат берилди”,- дейт Төлөгөн Айтикеев.

БШКнын маалыматы боюнча жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү менен өлкө боюнча 56 аймактык жана 2 миң 438 участкалык шайлоо комиссиялары алектенет. Учурда республика боюнча жергиликтүү кеңешке 6 миң 384 депутаттык мандат болсо, анын ичинен шаардык кеңештерде 993, ал эми айылдык кеңеште 5 миң 391 мандатты түзөт.

Айтикеев маалымдагандай, аралыктан добуш берүү үчүн Бишкек шаарында төрт, ал эми Ош, Баткен, Жалал-Абад, Каракол, Нарын жана Талас шаарларында бирден шайлоо участогун ачуу пландалууда.

Эске салсак, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында өтөт. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн башталып, 2024-жылдын 7-октябры саат 18:00гө чейин, ал эми шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо 18-октябрда аяктайт. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 17-октябрь саат 18:00гө чейин, ал эми талапкерлерди каттоо 28-октябрь күнү саат 18:00гө чейин уланат.

 

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост