БШК: Талапкердин шайлоо фонду 20 млн сомдон ашпашы керек

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкердин шайлоо фонду 20 млн сомдон ашпоого тийиш. Бул тууралуу 14-октябрда Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясынын мүчөсү Бахадыр Коңуров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, талапкерлердин жана саясий партиялардын бардык финансылык каражаттары атайын шайлоо эсептерине гана түшүүсү керек.
“Саясатчылар жана талапкерлер ыйгарым укуктуу банктарда эсеп ачышат. 3-октябрда БШК “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” деген эки банкты аныктады. Алардын мобилдик тиркемелеринде шайлоо фонддорун толуктоо үчүн атайын бөлүм ишке киргизилген. Жеке жана юридикалык жактар талапкерлерге жана партияларга каражат которо алышат, ошондой эле талапкер өзү да фондун толуктай алат”, — деди Коңуров.
Ал кошумчалагандай, фондду толуктоо банктардын кассалары аркылуу да, аралыктан — мобилдик тиркемелер же коммерциялык банктар аркылуу да мүмкүн.
БШКнын маалыматы боюнча, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00дө аяктайт. Добуш берүү 30-ноябрда өтөт.
Булак “Кабар” агенттиги