БШК Султанбай Айжигитовду депутаттык мандатынан ажыратты

 БШК Султанбай Айжигитовду депутаттык мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун депутаттык мандатынан ажыратты.

Жыйын Султанбай Айжигитовдун, анын жактоочусу, ошондой эле УКМК менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Жеңиш Сейитов 2017-жылдын 9-октябрында Сокулук РИИБ тарабынан жашы жете элек балага жана алсыз абалдагы адамга карата зордук-зомбулук жана кордук көрсөтүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

“2018-жылдын 4-апрелинде Султанбай Айжигитовго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси “Бейбаштык” боюнча кылмыш иши козголгон.

2020-жылы Сокулук райондук соту аны күнөөлүү деп таап, 2021-жылы Чүй облустук соту өкүмдү күчүндө калтырган. Бирок ал убакта эскирүү мөөнөтү бүткөндүктөн, Айжигитов жазадан бошотулган. Депутаттыкка талапкерлерди каттоо үчүн паспорттун көчүрмөсү, соттолбогондугу тууралуу маалымкат жана башка документтерди тапшыруу зарыл”,- деди ал.

Сейитов белгилегендей, каттоодон өтүп жатканда Айжигитов анкетада соттуулугу жок экенин көрсөткөн, бул шайлоо мыйзамдарын бузуу болуп саналат.

Эске салсак, Султанбай Айжигитов 2021-жылы “Ыйман Нуру” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Жогорку Кеңештин комитеттеринин кошмо жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев депутат Султанбай Айжигитов соттолгондугун жашырганын билдирген.

Анын айтымында, Султанбай Айжигитовдун парламентте сүйлөгөн сөзүнөн кийин ал көпкө ойлонуп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге кол коюлганга үч күн калганда депутат эмне үчүн оюнан кайтканын талдап чыккан.

“Сага кимдир бирөө таасир этти деп ойлогом, бирок бул сенин психологиялык профилиң экен. Мен сураштырып көрсөм, депутат 2017-жылы бир баланы сабап салганы белгилүү болду, бирок сот тармагында иштеген туугандарынын аркасы менен “бейбаштык” беренесин жеңилирээк беренеге өзгөртүп, кылмыштын эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ишти жаап салган. Бирок ал Борбордук шайлоо комиссиясына соттолгондугу тууралуу маалымкат берген эмес. Мен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу жолдогом. Борбордук шайлоо комиссиясында сиздин соттолбогону тууралуу маалымкатыңыз жок экен. Көрсө, сиз кылмыштуулугуңузду жашырган экенсиз. Эртең депутаттык мандатыңыз тартып алынса таң калбаңыз. Муну менен укук коргоо органдары алектенет. Бирок Ташиев сени аңдып жатат деп кийин айтпа. «Сиз соттуулугуңузду жашыргансыз”, – деди Ташиев.

Связанный пост