Борбордун троллейбустары жаңы “стилде”

“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасынын негизинде троллейбустарды бирдиктүү стилге алып келүүдө.
Троллейбустардын сырткы бөлүгүнүн дизайны кыргыз оймо-чиймелеринин жана элдик макал-лакаптардын текстин колдонуу менен жасалган.
Учурда жаңы дизайндагы 20 троллейбус каттамга чыкты. 1-сентябрга чейин дагы 36 троллейбус ушундай стилге келтирилет.