Борбор калаанын суу сактагычтарында “Сууда сүзүүгө тыюу салынат” деген жазуулар орнотулду

Сууга түшүүдө кырсыктарды алдын алуу максатында Свердлов районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан суу объектилерине жакын жерлерге «Сууда сүзүүгө тыюу салынат» деген эскертүү белгилер орнотулууда.

 

Мындан тышкары, Свердлов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан бассейндердин администрациясы жана кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, усулдук сунуштар иштелип чыкты, пляждык күзөт уюштурулуп, сууга түшүүчүлөр менен баарлашуулар жана балдар мекемелеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Связанный пост