Борбор калаада жолдор оңдолуп жатат

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жамоо иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жумушчу топ Абдрахманов көчөсүндө Аул көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Учурда жолдогу кемчиликтерди аныктоо иштери жүрүп жатат.

Жол белгилерин чийүү тобу төмөнкү кесилиштерде иштөөдө:

– М.Гвардия бульвары – Жибек-Жолу проспектиси;
– Махатма Ганди көчөсү – Боталиев көчөсү;
– Фучик көчөсү – Жибек – Жолу  проспектиси;
– Фучик көчөсү.

Ошондой эле, Ч.Айтматов проспектиси – Гагарин көчөсү, Ч.Айтматов проспектиси – Токтоналиев көчөсү, Жибек Жолу проспектиси – Турусбеков көчөсүнүн кесилишиндеги жол чийиндерин жана өтмөктөрдүн боёкторун жаңыртылып жатат.

Связанный пост