“Бишкексууканал” сууну бөлүштүрүүнүн жаңы тармактарын курууда

“Бишкексууканал” ӨЭБсы сууну бөлүштүрүүнүн жаңы тармактарын куруу боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Бишкек шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо» Фаза II долбоорунун алкагында канализациялык коллекторду куруу боюнча иштер жүрүп жатат.

Тазалоо курулмаларынын кабыл алуу камерасынан Фучик көчөсү менен Ленская көчөсүнүн кесилишине чейин канализациянын оргутуучу өткөрмө түтүгүн коюу аяктады. Өткөрмө түтүктүн узундугу 2км 714м түзөт, Фучик жана Асаналиев көчөлөрү боюнча курулуш иштери уланып жатат. Долбоор боюнча канализациялык системанын узундугу 11км түзөт.

Жаңы канализациялык системаны куруу үчүн диаметри 1000мм жана 2000мм темир бетон түтүктөрү колдонулуп жатат. Бул заманбап эскирбей турган, бактериалык аракеттерге кабылбаган, ысыкка, кургакчылыкка, нымдуулукка жана суука туруктуу түтүктөр. Жаңы  материалдар өткөрмө түтүктүн ишенимдүүлүгүнүн минимум 50 жыл иштешине кепилдик бере алат.

Канализациялык түтүктөрдү орнотуу белгилүү билимди  жана ыкмаларды аныктаган атайын жабдыктарды талап кылган татаал процесс болуп эсептелет.

Иштердин максаты – борбордун түштүк жана батыш бөлүгүндөгү калктын жагымдуу, жайлуу шарттарда жашоосун түзүү, ошондой эле калктуу конуштардын сууну бөлүштүрүүсүнүн (канализациясынын) ишенимдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

МААЛЫМАТ:
2021-жылдын сентябрь айында «Бишкек шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо»  Фаза II долбоорунун алкагында канализациялык коллекторду куруу боюнча иштер башталган.

Швейцария Конфедерация Өкмөтү жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган «Бишкек шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо»  Фаза II долбоору Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкексууканал” ӨЭБсы тарабынан ишке ашырылып жатат.

Канализациялык коллекторду курууга 8 млн евро бөлүнгөн, анын ичинде 4 млн евро – кредит, 4 млн евро –грант. Долбоорду бүткөрүү 2023-жылы пландаштырылууда.

Связанный пост