Борбор калаада жол жээктеринде күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз сатуу жоюлууда

Бишкекте күйүүчү-майлоочу материалдардын (күйүүчү-майлоочу майлардын) стихиялуу соодасына каршы күрөш уланууда.

Рейдди Биринчи май акимиатынын жана №15 МТУнун кызматкерлери Профсоюз көчөсүн бойлой Фучиктен П.Лумумба көчөсүнө чейинки аралыкта өткөрүштү. Белгилей кетсек, бул аймак мыйзамсыз АИ-92 үлгүсүндөгү бензин сатуу пункттары менен белгилүү.

Аталган ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 434-беренеси боюнча 18 000 сомго 6 административдик протокол түзүлдү.

Мыйзамсыз каражаттардын ээлери менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бүгүнкү күндө жыл башынан бери 90 миң сомдук 30га жакын протоколдор түзүлдү.

Бул багыттагы иштер улантылууда.

Белгилей кетсек, ушул эле көчөдө рейдге аз калганда салык кызматы 75 литрдей күйүүчү май кармаган.

Связанный пост