Борбор калаада жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбордук көчөлөргө асфальт төшөө жана жолдогу кемчиликтерди жоюу иштерин бүтүрдү.

Панфилов көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүнө тротуардын биринчи катмары төшөлсө, бүгүн асфальттын экинчи катмарын төшөө пландалууда. Буга катарлаш 40 люкту жолдун деңгээлине көтөрүү иштери жүрүп жатат. Жолду оңдоо иштери аяктагандан кийин тротуарды оңдоо иштери башталат.

Игембердиев көчөсүндө Кулатов көчөсүнөн М.Горький көчөсүнө чейинки жалпы узундугу 355 погон метр жолду оңдоо иштери 95%га бүткөрүлдү. Буга чейин эски асфальтты сүрүү, жолдун чуңкурун даярдоо иштери жүргүзүлгөн.

Абай көчөсүндө Ахунбаев көчөсүнөн көпүрөгө чейин жалпы узундугу 250 линиялык тротуарды куруп бүттүк. Медеров көчөсүнөн М.Горький көчөсүнө чейин тротуарлардын бордюрларын орнотуу жана тротуардын негизин даярдоо иштери жүрүп жатат.

Медеров көчөсүндөгү Кыргыз футбол союзунун аймагында унаа токтотуучу жай уюштурдук. Көлмө конушундагы №8 шаардык ички иштер бөлүмүнүн аймагындагы унаа токтотуучу жайлар жана подъезддер оңдолду.

Бах көчөсүн бойлой Семей көчөсүнөн түштүк магистралына чейинки веложолду реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле тротуар жана ирригациялык система болот.

Лев Толстой көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейин оңдоо иштери жүргүзүлдү. Максим Горький көчөсү Каракульская көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин, Абдарахманов көчөсү М.Горький көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин, Жибек-Жолу проспектисинин чыгыш багыты боюнча Осмонкул көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин жана Лермонтов көчөсүнөн Курманалиев көчөсүнө чейин чыгыш багытында жол кемчиликтери жоюлду.

Медеров көчөсүн бойлой Байтик баатыр көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин түштүк тараптан жана Карл Маркс көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнөн түндүк тараптан жаракалар битум мастикасы менен толтурулган.

Улуу Жеңишти майрамдоого карата Жеңиш аянтынын аймагында чектөөлөрдү, жол белгилерин оңдоо жана сырдоо иштери жүргүзүлүп, жолдогу кемчиликтер жоюлган.

Связанный пост