Борбор калаада тиричилик таштандыларын кабыл алуучу жаңы контейнердик аянтчалар орнотулууда

 Борбор калаада тиричилик таштандыларын кабыл алуучу жаңы контейнердик аянтчалар орнотулууда

Биринчи май районунда Токтогул жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде катуу тиричилик таштандыларын өзүнчө чогултуу үчүн заманбап контейнер аянтчасы пайда болду.

Аянтча таштанды контейнерлерин  сактоо үчүн модулдардан турат, ошондой эле тиричилик таштандыларын сорттоонун пайдасы жөнүндө маалымат такталары жана өндүрүүчү компаниянын QR-коду бар.

Мындан тышкары, аянтчанын маңдайында ошол эле компаниянын акылдуу интерактивдүү коомдук транспорттук аялдамасын орнотуу  кызуу жүрүп жатат.

Ошону менен бирге Токтогул көчөсү Тыныстанов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин түндүк тарабынан 10 даана жаңы көчө чырактары орнотулду.

Белгилей кетсек, пилоттук долбоорду ишке ашыруу Биринчи май районунун акимиаты  менен ишкерлердин кызматташуусунун алкагында, “Чайкоф” кофейнясынын демөөрчүлүгү менен ишке ашырылып жатат.

Связанный пост