Борбор калаада мыйзамсыз орнотулган күч өлчөгүчтөр жана батуттар демонтаждалды

Свердлов акимиаты Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы жана «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте мыйзамсыз объектилерден муниципалдык аймакты бошотушту.

ЦУМ соода борборунун жанындагы  Шопоков көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган күч өлчөгүч жана батуттар алынды.

Чүй проспектисинде жана Шопоков көчөсүндө башаламан сооданын  алдын алуу боюнча рейд жүргүзүлүп жатканын эскертебиз.

Связанный пост