Борбор калаада мектептеги билим берүүнүн сапаты талкууланды
Билим берүү министрлигинин USAIDдин “Окуу Керемет” долбоору менен биргеликте уюштурулуп жаткан “Мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн иш-чараларынын мазмуну жана уюштуруусу” аттуу форумга Билим берүү департаментинин директору жана райондук билим берүү борборлорунун жетекчилери катышты.
Форумда КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Ашымбаева Токтобүбү сөз сүйлөдү.
Форум жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин билим берүүнү өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча потенциалын жогорулатуу, милдеттерди шайкеш келтирүү жана усулдук камсыздоону уюштуруу боюнча милдеттерди бөлүштүрүү жана мектептердин үзгүлтүксүз кесипкөйлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү максатында уюштурулду.
Ошондой эле, Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүүнү өнүктүрүү боюнча пландары, билим берүүнүн бардык баскычтарында усулдук иштерди уюштуруунун алдыңкы тажрыйбалары менен таанышуу болду.
Форумдун дагы бир максаты – райондордун, облустардын деңгээлинде усулдук иштерди уюштуруу жана өткөрүү функцияларын жана функционалдык жана маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүү, STEM билим берүүдөгү жаңы ыкмаларды талкуулоо жана макулдашуу болду.