Борбор калаада көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду
![Борбор калаада көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2023/08/1692186463-850x560.jpeg)
Бишкек шаары боюнча архитектура курулуш контролдоо башкармалыгы 27-линия көчөсү, 28б дарегиндеги тиешелүү уруксат кагазы жок көп кабаттуу үйдүн курулушун аныктап, курулуш иштерин токтотту.
Эскертүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттө уруксат документтери берилбесе, материалдарды сот органдарына өткөрүп берүү менен айып салынат.