Бишкекте биринчи жөө жүрүүчү “Бродвей” пайда болушу мүмкүн

КР Президентинин “Жашыл Мурас” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасы боюнча Биринчи Май районунда жөө жүргүнчүлөр үчүн “Бродвей” куруу пландалууда.

Долбоорду  Биринчи май районунун башчысы Максатбек Сазыкулов жана Бишкек шаардык Кеңештин депутаты Шаршенбай уулу Руслан жеринде талкуулашты.

“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик башкармалыгынын, “Бишкекжарык”, “Бишкексуучарба”, “Тазалык” муниципалдык ишканаларынын, Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын (ККБ) жана  №12 МАБдын  өкүлдөрү катышты.

Курулуш үчүн Гастелло көчөсү тандалып алынган ал Медеров көчөсүнөн Абай көчөсүнө чейин 500 метрди түзөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө топографиялык сүрөткө тартуу, эскизди иштеп чыгуу, ошондой эле колдо болгон коммуникацияларды иликтөө чечими кабыл алынды.

Связанный пост