Борбор калаада бир нече жолдор оңдолууда

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Биринчи май районундагы 8 объектте курулуш иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаш Гвардия бульварынын Жибек-Жолу проспектисинен Рыскулов көчөсүнө чейинки тротуардын кыртышы даярдалып, жолдогу чек таштары жана ирригация системасы орнотулду. Жакынкы күндөрү асфальт-бетон төшөө иштери башталып, объект бүткөрүлөт.

Көлмө конушунда Максат, Илим, Тынчтык жана Айкөл көчөлөрүнүн жолдорун реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Тынчтык көчөсүн бойлой Мыскал көчөсүнөн Алыбаев көчөсүнө чейин ирригация системасын орнотуу иштери аяктады. Учурда Максат көчөсү Мыскал көчөсүнөн Алыбаев көчөсүнө чейинки жолдун кыртышын даярдоо жана лотокторду орнотуу иштери жүрүп жатат.

Илим көчөсүн бойлой Мыскал көчөсүнөн Алыбаев көчөсүнө чейинки аралыкта жердин кыртышын даярдоо жана таптоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле, Айкөл көчөсү Республика көчөсүнөн Жаз көчөсүнө чейин сугат лотоктору орнотулат.

“Ак-Босого” конушундагы Чүй 41 көчөсүндөгү аллеяда көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Жөө адамдар өтүүчү жолго чек таштары орнотулуп, асфальт-бетон аралашмасын төшөөгө даярдалууда.

Ананиев көчөсү Исанов көчөсүнөн Самар көчөсүнө чейин асфальт-бетон төшөө иштери бүткөрүлүп, жол пайдаланууга берилди.

Игембердиев көчөсү Кулатов көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин эски асфальт катмары алынып,  бул жерге да жол салынат.

Жибек-Жолу проспектисиндеги Батыш автобекетинин жанында унаалар башаламан топтолбошу үчүн жол чектөө таштары орнотулууда, бир жуманын ичинде асфальт-бетон аралашмасы төшөлүп, калыбына келтирилет.

Связанный пост