Борбор калаада бала бакчалар курулууда

Бишкек шаарынын транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча мэрдин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Максатбек Сазыкулов мектепке чейиники билим берүү мекемесинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

№31 бала бакча 105 орунга ылайыкталган. Мекеме, негизги имараттан жана өзүнчө көмөкчү жайлар, чарбалык блоктордон ошондой эле ашканадан турат. Негизги имараттын аянты 993 чарчы метр

Учурда негизги корпусту капиталдык оңдоо жана бекемдөө, чатырын иретке келтирүү иштери аяктады. Ички жасалгалоо жана фасаттык иштери жүрүп жатат. Ошону менен бирге бала бакчанын аймагын көрктөндүрүү иштери улантылууда.

Арча-Бешик конушундагы бала бакча 8 топ 180 орунга эсептелген, 2 кабаттуу, жер төлөсү жок. Жалпы аянты- 1889,3 чарчы метр. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин  курулушу  90% аяктады.

Учурда ички жасалгалоо жана айланасын түздөө, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Связанный пост