Борбор каалада ысык суу 1-июндан тарта берилет

Бишкек шаардык мэриясы тургундардын үйлөрүнө ысык суу берүү мөөнөтүн жарыялады.
Муниципалитеттин маалыматы боюнча, системаны толтуруу 31-майда, ал эми жылуулук тармактарына ысык суу берүү 2025-жылдын 1-июнунда башталат.
Жылуулук электр борборундагы учурдагы абал:
- Кадимки режимде 2 казан агрегаты жана 2 турбоагрегат иштеп жатат;
- 12 от казан агрегаты жана 2 турбогенератор оңдоодон өтүп жатат;
- Орточо өндүрүлгөн кубаттуулук 51 МВт.
26-майга карата Бишкек Жылуулук электр борборунун кампасында 262,16 миң тонна көмүр сакталып, жай мезгилинде станциянын туруктуу иштешин камсыз кылууда.