Борбор Азия мамлекеттеринин жана Корея Республикасынын парламенттеринин төрагаларынын алгачкы кеңешмесинин алкагында биргелешкен декларация кабыл алынды

 Борбор Азия мамлекеттеринин жана Корея Республикасынын парламенттеринин төрагаларынын алгачкы кеңешмесинин алкагында биргелешкен декларация кабыл алынды

Бүгүн, 19-сентябрда Сеул шаарында уюштурулган Борбор Азия мамлекеттеринин жана Корея Республикасынын парламенттеринин төрагаларынын алгачкы кеңешмеси жыйынтыкталды. “Келечекке багытталган өз ара байланышты өнүктүрүү” аталышында өткөн кеңешменин соңунда биргелешкен декларация кабыл алынды.

 

Декларация алкагында тараптар саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды мындан ары жигердүү өнүктүрүүгө макулдашып, энергетика, туризм, инфраструктура, билим берүү, саламаттыкты сактоо, тоо-кен, санариптештирүү өңдүү артыкчылыктуу багыттарда кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыгына токтолушту.

 

Ошондой эле мындай жолугушууларды байма-бай өткөрүү керектиги белгиленип, кийинки кеңешме 2024-жылы Түркмөнстанда өтөрү айтылды.

 

Эскерте кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин жана Корея Республикасынын парламенттеринин төрагаларынын алгачкы кеңешмесине Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Связанный пост