Боор алмаштыруу операциясы мамлекеттин эсебинен жасалууда
Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов М. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда боорун ийгиликтүү алмаштырган бейтаптан кабар алды.
53 жаштагы жаранга 19 жаштагы уулу донор болгон. Бул татаал операция 6,5 саатка созулуп, ага чет элдик трансплантологдор да катышкан.
“Бүгүнкү күндө донорду ооруканадан чыгарууга даярдап жатышат, анын бардык көрсөткүчтөрү нормада. Ал эми орган көчүрүлгөн бейтап реанимациядан жалпы палатага которулду, абалы туруктуу деп бааланууда жана ал бардык зарыл болгон дары-дармектерди алып жатат”, – деп билдирди ведомство башчысы.
Министр белгилегендей, аталган оорукана үчүн бул ушундай түрдөгү экинчи операция жана эки учурда тең каржылоо мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.
Дамир Осмонов бул мамлекеттик системаны каржылоо механизмдери дагы деле такталып, иштелип чыгуу процессинде экенин кошумчалады.