Боом капчыгайында жол эки тараптуу ачылды
Боом капчыгайында жол эки тараптуу ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жол 1-августтан 2-августка караган түнү саат 01:48де толугу менен ачылган.
Эскерте кетсек, кечээ, 1-августта саат 14:00гө жакын Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунунун 147-154-чакырымдарында (Боом капчыгайы) катуу жаандан улам сел жүрүп, жолду жаап калган.