Бомба тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан террордук коркунучтар менен анонимдүү билдирүүлөрдү жөнөтүүнүн көбөйүп бараткандыгын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жана козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын жараны «А.Р.А.» интернет колдонуучуларынын жеке маалыматтарын хакерлик жол менен алуу жана уурдоо, фейк жаңылыктарды жөнөтүү, анын ичинде КМШ аймагында бомба бар экендиги тууралуу болжолдуу, жалган маалымат жана анонимдүү билдирүүлөрдү жөнөтүү боюнча буюртмаларды кабыл алып, иштеп келишкен КМШнын адистешкен жарандарынан турган жабык трансулуттук кибер топтун активдүү катышуучуларынын бири болгону аныкталып, кармалган.
Кармалган жаран 2023-жылдын 30-октябрында VPN маалыматтарын жашыруун өткөрүп берүү үчүн колдонулган технологиясын колдонуп, КР ИИМ катчылыгына Кыргыз Республикасынын соода борборлоруна бомба коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү жөнөткөндүгү, ошондой эле 2023-жылдын 18-июлунда ГУМ соода борборунда бомба коюлгандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине анонимдүү билдирүүлөрдү жөнөтүүгө катыштыгы бар экендиги дагы аныкталды.
Учурда КР УКМК өнөктөш чалгын органдары менен биргеликте анонимдүү билдирүүлөрдү тараткан башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө, ал эми кармалгандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазаланат.
Ушуга байланыштуу КР УКМК мындай жосундарды жасаган жарандар КР Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине (Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү) ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылып, 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратыларын эскертет.