Бомба тууралуу маалымат түшкөн үчүн Бишкекте эртең менен 9 мектептин окуучулары эвакуацияланды
Бомба тууралуу маалымат түшкөн үчүн Бишкекте эртең менен 9 мектептин окуучулары эвакуацияланды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-апрелде саат 07:29 чамасында Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына №33 мектеп-гимназиясынын электрондук дарегине бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Жерине дароо Свердлов райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу, Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкери жана райондук администрациянын жетекчилиги барган.
Милиция тарабынан мектептин аймагы курчоого алынып, окуучулар жана мугалимдер эвакуацияланган.
Мындан тышкары, ушундай эле билдирүүлөр №64, 52, 67, 62 32 мектептерге, Бишкек эл аралык мектеби, Оксфорд, Сейтек жеке мектеперине келип түшкөн. Тиешелүү кызматтар жеринде иш алып барууда.