Бизде артка жол жок. Президент Садыр Жапаровдун мектептеги билим берүү маселелери боюнча маеги

Кыргызстан билим берүү тармагын түп-тамырынан жаңылоого киришти. Аны менен кошо мектептерде окуучулардын көптүгү, мугалимдердин тартыштыгы жана жаңы окуу куралдарынын жетишсиздиги 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө байланыштуу деген сындар айтылууда. Ушуга байланыштуу президент Садыр Жапаров менен болгон кезектеги маегибизде жалпы билим берүү саясатына байланыштуу суроолорубузду узаттык.
— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич!
— Саламатчылык.
— Салтка айлангандай, коомчулуктагы актуалдуу маселелер боюнча сизден комментарий алсак дегенбиз. Бул окуу жылынын башталышы менен ата-энелердин жана айрым саясатчылардын мектептеги билим берүү тармагына карата нааразылыктарына байланыштуу. Алар окуу класстарда 40-50дөн окуучу болуп жатканын айтып, айрымдары муну быйыл 12 жылдык билим берүү тутумуна өткөндүгүбүздөн көрүп жатат. Чындап эле он эки жылдык системага эрте өтүп алган жокпузбу?
— Бул көйгөй 12 жылдык окууга өтүү менен байланыштуу деген туура эмес. Мындай маселе 12 жылдык билим берүүгө чейин эле болуп келген.
Мурунку жылдары 140-150 миң бала мектепке кабыл алынса, быйыл 1-2-класстарга 227 миң бала кабыл алынды — бул эки эсе өсүш. Буга чейин деле “нулевой” класска бир жыл бою 100 миңдин тегерегинде бала окуп келген.
Негизги жүк Бишкекке түшүп жатат. Бул ички миграция жана көптөгөн үй-бүлөлөрдүн туруктуу каттоонун жоктугу менен байланыштуу. Муну менен балдардын агымын алдын ала болжолдоо кыйын болууда. Урбанизация жана демографиялык өсүш темпи жогору.
Биз пландын негизинде иш алып барып жатабыз.
Жаңы мектептерди куруп, келечектеги курулуш инвестицияларын биринчи кезекте Бишкекке багыттайбыз.
Иштеп жаткан мектептерди кеңейтип жана оңдоп жатабыз, убактылуу кошумча класстар бала бакчаларда ачылууда.
Мисалы, Маликов көчөсүндөгү Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак үйлөр жактагы мектепте окуучулар өтө көп болгондуктан, ошол жерге жаңы мектеп салынганча 700 орундуу класстар МИКтин үйлөрүнүн биринчи кабатына убактылуу уюштурулду.
Мэрия менен биргеликте бош турган имараттарды окуу пункттарына багыттагыла деп тапшырма бердим.
Ата-энелерге мектепти жашаган жерине жараша тандоону сунуштагыла деп жатам. Окуу деңгээли бардык мектептерде теңделип калды, баланы шаардын бир четинен экинчи четине ташуунун кереги жок.
2025-жылы республика боюнча 119 билим берүү объектиси бүткөрүлдү, алардын ичинен 68 мектеп жана 27 бала бакча курулду, ошондо дагы Бишкек шаарында мектептер тартыш. Ошондой эле 20 мектепте жана 4 бала бакчада капиталдык оңдоо жүргүзүлдү.
Мындан ары депуттаттардын добуш алуу үчүн салган мектептерди токтотобуз.
Мисалы бир айылда сонун эле мектеп турса жанына экинчи корпусту салдыра салган фактылар болуптур. Ошол эле учурда кошуна айылда мектеби жараксыз. Мындан ары Агартуу министрлигинин гана сунушу менен балдардын, калктын өсүү динамикасын эске алуу менен салабыз.
Болбосо, айрым жерде бала аз жерге салынса, керектүү жерлерге салынбай келген. Чоң мектептерди салып алып, аларда же бала толбойт же мугалим жетпейт.
Негизинен 12 жылдык билим берүү имаратка көз каранды эмес. Бул – дүйнөлүк билим берүү системасына шайкеш келген стандарттар, программалар, окуу китептери.
Албетте биринчи, экинчи жылдары кыйынчылыктар болот. Бара-бара түздөлүп кетет. Анткен менен биз дүйнөлүк стандартка өтүп алдык. Өзү негизинен 15-20 жыл мурда эле өтүшүбүз керек эле.
— Эмне үчүн 12 жылдык билим берүү? Анын мазмундук өзгөчөлүктөрү кандай? 12 жылдык билим берүү эмне берет?
— Максат — бүтүрүүчүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана аларды заманбап эмгек рыногуна даярдоо. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына караганда, 15 жаштагы окуучулардын текстти түшүнүү жана көйгөйлөрдү чечүүдө олуттуу кемчиликтери катталган. 12 жылдык билим берүүдө бир жылды узартуу эле эмес, мазмун толугу менен жаңыланууда.
Балдар жаңы китептер менен окуп, практикага жана ой жүгүртүүгө басым жасалат. Жогорку класстардан тартып кесипке багыттоо киргизилет, математика менен табигый илимдерге көбүрөөк көңүл бурулат. Ошондой эле тартипти чыңдоо, телефонду чектөө, ата-энелерди колдоо жана инклюзивдүү билим берүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлүүдө.
Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, бүгүнкү күндө 12 жылдык билим берүү системасы дүйнөлүк стандарт болуп эсептелет. Бул система 180ден ашык өлкөдө колдонулуп келет жана анын натыйжалуулугу буга чейин эле далилденген.
Мисалы, коңшу Казакстан менен Өзбекстанды алсак. Казакстан 12 жылдык билим берүүгө өтүүнү 2002-жылы баштаган жана аны толугу менен 2017–2018 окуу жылына чейин аяктаган. Толук киргизүүгө дээрлик 15 жыл кеткен. Өзбекстанда процесс быйыл гана башталды жана учурда алар даярдык этаптарында турушат.
— Билим берүү системасынын ийгилиги биринчи кезекте мугалимдердин деңгээлине байланыштуу. Сиздин оюңузча, мугалимдерди даярдоо жана аларга шарт түзүү боюнча мамлекеттик саясат кандай багытта жүрүшү керек?
— Азыр өлкө боюнча 93 миңден ашык мугалим эмгектенүүдө, алардын ичинен 87 миңден көбү мамлекеттик мектептерде. Албетте, мугалим жетишпеген учурлар бар. Себеби эмгек акынын аздыгы, бирок бул көйгөй акыркы жылдары кыйла азайды.
Маселен, мага берген маалымат боюнча быйылкы окуу жылдын башында мугалимдер жетишпестиги 947ни түздү, мурдагыдай 2,5 миң эмес. Бул – биздин системалуу иш-аракеттердин жыйынтыгы. Эмки жылдын 1-апрелинен баштап мугалимдер менен медиктердин эмгек акысын көтөрөбүз. Ошондон кийин бул көйгөй чечилет.
Мындан сырткары, жыл сайын педагогикалык жогорку окуу жайлар менен колледждерден миңден ашуун жаңы адистер чыгууда. Алардын басымдуу бөлүгү мектептерге жөнөтүлөт. Ошондой эле балдар бакчасынын тарбиячыларын башталгыч класстарга тартуу, студенттерди дуалдуу билим берүү аркылуу мектепке эрте аралаштыруу сыяктуу чаралар көрүлүүдө.
Мугалимдердин жетишсиздиги маселеси чечилет. Жогорку окуу жай министрлигине тапшырма бердим. Акыркы курстагы студенттер узак мөөнөттөгү практикага барып айлык дагы алып иштейт.
Чындап келсе мугалимдин жетишпестиги дүйнө боюнча проблемага айланууда. Айрым өлкөдө төрт жүз миңдеп жетишпей жатат. Кайсыл мамлекет экенин айтпай эле коеюн.
Биз мыкты мугалимдердин келишине, жетишпегендикти чечүү үчүн жаңы социалдык демилгелерди баштайбыз.
Мугалимдин депозитин узак мөөнөттөгү ипотекага айландырабыз. Диплому бар иш таппай жүргөндөрдү кыска мөөнөттө кайра окутуп, кошумча акы төлөгөн ыктыярчыларды да тартабыз.
— Окуу китептерине байланыштуу да ата-энелерден көптөгөн сындар айтылып келет. Жаңы системага ылайык китептер жетиштүүбү? Алардын сапаты кандай көзөмөлдөнөт?
— Окуу китептери ар дайым жетишпеген өлчөмдө каржыланып келиптир. Ал дагы донорлордун акчасына, китептерди жеке менчик басма үйлөрү чыгарып келген эле. Тендердеги коррупцияны айтпай эле коеюн. Эми мындан ары андай болбойт.
“Учкун” басмаканасынан сапаттуу, талапка жооп берген окуу китептери чыгат. Азыр эң мыкты делген дүйнөлүк алдыңкы китептерди сатып алууга, адаптация кылууга, мамлекеттик менчикке айландырууга кудуретибиз жетет.
Көп жылдардан бери биринчи жолу туруктуу каржылоо киргизилди: жаңы муундагы окуу китептерин массалык чыгарууга 744 млн сом бөлүндү. Биз жаңы программалар жана мамлекеттик билим стандарттарына ылайык 1–2 жана 5–7-класстар үчүн толук комплекттерди түзүп жатабыз.
Менде бар маалыматка караганда, 3–9-класстар үчүн англис тили боюнча окуу китептери басылып, өлкө боюнча бардык мектептерге жеткирилди. Учурда 1, 2, 5, 7 – класстар үчүн «Математика» жана «Табият таануу. Мен жана дүйнө» китептери басылып жатат.
— Ошентип, өлкөбүздө билим берүү системасын түп-тамырынан өзгөртүү чечими кабыл алынды. Коомчулуктан ар кандай сын-пикирлер айтылып жатат. Бул реформанын ийгилигин кантип баалай алабыз?
— Эң негизгиси түшүнүшүбүз керек: билим берүү системасын түп-тамырынан өзгөртүү боюнча чечим кабыл алынды. Бул багыттагы иштер үчүн мамлекеттин бюджетинде атайын каражат каралды. Бардык зарыл болгон укуктук-ченемдик база бекитилди, 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн концепциясы кабыл алынды, стандарттар, программалар жана окуу пландары даяр болду. Бизде артка жол жок.
Эми коомубуз биримдик көрсөтүп, сабырдуулук менен чыдап, Агартуу министрлигинин аракеттерин сындап отурбастан тескерисинче колдоо гана көрсөтүшүбүз керек.
Максатыбыз айкын: ар бир балага улуттук баалуулуктарга, үй-бүлөгө жана тарбияга таянган, сапаттуу, заманбап жана адилеттүү билим берүү.
Маектешкен Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев