Бишкектин мэри ЖЭБтин ишин текшерди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Бишкек шаарынын ЖЭБнин аймагында орун басары Талайбек Байгазиев, тиешелүү муниципалдык ишканалардын жетекчилери, район акимдери жана шаардык кызматтар менен биргеликте кыдырды.

Сапардын жүрүшүндө мэр көмүр кампаларындагы көмүрдүн көлөмүн текшерип, штабелди жана №3, №4 энергоблокторду көрүп чыкты, ошондой эле өрт өчүрүүчү жабдуулар менен таанышты.

ЖЭБге болгон иш сапарынын алкагында мэр Айбек Джунушалиев муниципалдык ишканалардын, департаменттердин жетекчилери жана акимдер менен кеңейтилген жыйын өткөрдү.

«Муниципалдык ишканалардын туруктуу иштөөсүн, ошондой эле шаар тургундарын жылуулук жана жарык менен үзгүлтүксүз камсыздап туруу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүү керек», – деди мэр Айбек Джунушалиев.

Жыйын учурунда мэр ишканалардын чыгымдарын оптималдаштыруу жана минималдаштыруу зарылчылыгын белгиледи.

Мэрдин орун басары Талайбек Байгазиев ЖЭБ учурда 450 МВт жүктөмдү алып жатканын жана 137 789 тонна көмүр бар экенин билдирди. Бул көлөм жылуулук жана электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү үчүн жетиштүү.

Ошондой эле, жыйында экология маселелери да талкууланды.

Өз кезегинде, «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынын директору Нургазы Курманбеков ЖЭБ тарабынан зыяндуу заттардын чыгарылышын азайтуу боюнча бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Электрофильтрлердин эффективдүүлүгү жыл сайын жүргүзүлүүчү оңдоо иштеринин аркасында камсыздалууда. Учурда маал-маалы менен капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. 2024-жылы бизнес-пландын негизинде №15 жана №20 казан агрегаттарынын электрофильтрлерине капиталдык оңдоо иштери бүткөрүлгөн.

Жыйындын соңунда мэр Айбек Джунушалиев муниципалдык ишканалардын жетекчилерине шаар тургундарын жылуулук жана жарык менен сапаттуу камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды жана милдеттерди койду.

Связанный пост