Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоого 90 техника, 700 кызматкер тартылды
Бишкек шаарынын аймагында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көчөлөрдү кардан тазалап, туз себүү иштерин жүргүзүүдө.
Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 16:00го карата нөөмөттө 90 бирдик атайын техника жана 700дөн ашуун ишкананын кызматкерлери иштеп жатат.
Белгиленгендей, Бишкек шаарынын көчөлөрүн кардан тазалоого МАЗ үлгүсүндөгү кар тазалоочу 43 машина, 10 даана Шахман (комбинацияланган жол техникасы), 2 даана фронталдык жүктөгүч, 24 даана шыпыргы жана күрөктөрү менен жабдылган «Беларус» тракторлору , “УКМ-2500” универсалдуу коммуналдык машина жана шыпыргысы бар 4 даана «Бопкат», ошондой эле 3 даана жүктөгүч иш алып барууда.
Учурда жолдорго 275 тонна техникалык туз сарпталды.