Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоого 23 техника тартылды

 Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоого 23 техника тартылды

Борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоого 23 техника тартылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек шаарында аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасы жолдорду кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

2025-жылдын 3-мартына, саат 15:00гө карата линияда 23 бирдик атайын техника бар.

Ошондой эле ишкананын кызматкерлери тротуарларды жана жол бордюрларын тазалоодо.

Белгилей кетсек, түнкүсүн аба ырайынын суук болушуна байланыштуу борбор калаанын жолдоруна туз себүү үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасынын техникалары тартылат.

Связанный пост