Бишкектин бир бөлүгүндө суу берүү убактылуу токтотулду
Бүгүн саат 09:00 чамасында ХБО суу топтомосунда электр тармагына байланыштуу өзгөчө кырдаал катталгандыгына байланыштуу борбор калаанын айрым аймактарында суу берүү убактылуу чектелди.
Муниципалитеттин маалыматы боюнча, ичүүчү суу Чыгыш Чоң Чүй каналы, Анкара, Кыдыр-Аке, Оберон, Лев Толстой, М. Горький, 7-апрель көчөлөрү жана Аламүдүн суусу менен чектелген аймакта убактылуу өчүрүлдү.
“Учурда адистер авариянын кесепеттерин жоюу иштерин башташты. Оңдоо иштери учурунда суу топтомонун электр энергиясы толугу менен өчүрүлгөндүктөн, насостук жабдуулар иштебейт”, – деп айтылат маалыматта.