Бишкектин Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүндө коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке бөлүү иштери уланууда
Бишкектин Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүндө коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке бөлүү иштери уланууда. Түнкүсүн Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти «Бишкекасфальтсервис» МИ жана ЖККК менен биргеликте иш алып барууда.
Кечээ кечинде Байтик Баатыр көчөсүнө Медеров көчөсүнөн чыгыш тараптан Лев Толстой көчөсүнө чейин атайын тилке түшүрүлдү. 21-октябрга караган түнү Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин бүткөрүлдү.
Бүгүн түнкү саат 22:00дон баштап Абдрахманов көчөсүндө иш уланат. Бөлүнгөн тилке Жибек-Жолу проспектисине чейин уланат.