Бишкектин азык-түлүк базарларында социалдык мааниге ээ азыктарынын баалары туруктуу
Бишкек шаарынын негизги азык-түлүк базарларында социалдык мааниге ээ азыктарынын баалары туруктуу жана 2025-жылдын 21-январына карата Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Бишкек шаарындагы (Аламүдүн, Орто-Сай, Ош ) азык-түлүк базарларында социалдык мааниге ээ азык-түлүктүн бири болуп саналган эт азыктарынын баасына мониторинг жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында Аламүдүн базарында бодо мал эти 550-600 сом, жылкы эти 500-550 сом, кой эти 500-590 сом, Орто-Сай базарында бодо мал эти 550-650 сом, жылкы эти 500-600 сом, кой эти 580-600 сом, Ош базарында бодо мал эти 550-580 сом, жылкы эти 450-550 сом, кой эти 550-580 сомдун тегерегинде сатылууда.