Бишкектиктер экологиялык жылытууга өтүү үчүн 1 млн сомго чейин каражат ала алышат

 Бишкектиктер экологиялык жылытууга өтүү үчүн 1 млн сомго чейин каражат ала алышат

Борбор калаанын тургундары жакында Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Абанын сапатын жакшыртуу” долбоорунун алкагында үйлөрүн экологиялык таза жылытуу системаларын орнотуу менен модернизациялоо үчүн 1 миллион сомго чейин насыя ала алышат.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, каржылоо коммерциялык банктар аркылуу жылуулук насосторун, электр казандарын жана күндүн энергиясы менен суу жылытуу системаларын орнотууга берилет. Тургундар үйлөрүн модернизациялоо үчүн 1 миллион сомго чейин жеңилдетилген пайыздык чен менен кредит ала алышат, ал эми жабдууларды жеткирүүчү компаниялар жылуулук жабдууларын жеткирүү жана орнотуу үчүн 5 миллион сомго чейин насыя ала алышат. Бул боюнча ишти Финансы министрлигине караштуу Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү жүргүзөт. Бул бөлүм мамлекеттик жана жеке менчик банктар менен биргеликте кредиттик линияларды башкаруу жаатында олуттуу тажрыйбага ээ.

Белгиленгендей, долбоордун 2-компоненти “Жылытуунун таза чечимдерин киргизүүнү колдоо” – жылытуунун таза технологияларын кеңейтүү үчүн шарттарды түзүүнү камтыйт. Ал бул чечимдердин ички рыногун өнүктүрүүгө, үй чарбалары үчүн модернизациялоонун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды колдоого багытталган.

«Абанын сапатын жакшыртуу» долбоору 2023–2028-жылдар аралыгында ишке ашырылып жатат жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) тарабынан 50 жылдык мөөнөткө, 10 жылдык жеңилдетилген шарттары бар пайызсыз кредит түрүндө каржыланууда.

«Долбоор абанын булганышын азайтууга, шаардыктардын ден соолугун жакшыртууга жана узак мөөнөттүү экологиялык туруктуулук үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул долбоор Борбор Азияда биринчи жолу Кыргызстанда ишке ашырылууда жана биз анын реалдуу натыйжаларды алып келерине ишенебиз», — деди Финансы министрлигине караштуу Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Бермет Мусакожоева.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Бишкекте жылытуу сектору дагы эле көмүр менен отунга көз каранды, айрыкча жеке сектордо. Көпчүлүк жер тамдар эскирген жана натыйжасыз жылытуу системаларын колдонушат, бул айлана-чөйрөгө зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышынын жогорулашына алып келүүдө.

“Долбоордун маанилүү бөлүктөрүнүн бири — калктын экологиялык жактан таза жылытуу технологиялары, энергияны үнөмдөө жана алардын ден соолукка тийгизген оң таасири тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга багытталган маалыматтык кампания болот”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост