Бишкекти жана Чүй облусун газдаштыруу үчүн 8,47 млн сом насыя берилди

 Бишкекти жана Чүй облусун газдаштыруу үчүн 8,47 млн сом насыя берилди

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу долбоорунун алкагында 66 субъекке 8,47 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында 28-апрелде министрлер кабинетинин Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-3 долбоору бекитилген.

Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышкан. Аларды кредиттөөнүн көлөмү 200 млн сомду түзөт.

Связанный пост