Бишкектен троллейбус каттамдары толугу менен алынат

 Бишкектен троллейбус каттамдары толугу менен алынат

Бишкектен троллейбус каттамдары толугу менен алынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мындай кадам менен шаар ичи троллейбус линияларынан тазаланып, учур талабына жараша мобилдүү автобустар эл ташууга киргизилет.

“Биз бардык аракеттерибизди шаар тургундарынын ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү үчүн кылып жатабыз. Кыйма-чийме троллейбус линиялары алынат, азыр мына жарнамалык такталар да тазаланууда. Электр өткөрүүчү зымдар, кабелдер жер астына өткөрүлүп жатат. Экинчиден, троллейбус өз багыты боюнча белгилүү бир көчөлөр менен гана жүрөт. Аны убактылуу башка көчөлөргө бура албайбыз. Электробустар жана башка транспорт каражаттары мобилдүү болгондуктан, тыгын маселесин чечүүдө жардамы да тиет. Ошондой эле биз троллейбуска түшкөн жүргүнчүлөрдүн саны кыскарганын да байкап, ушундай чечимге келдик”, – деди Айбек Жунушалиев.

Белгилей кетсек, ушу тапта эки троллейбустук каттам шаардагы жолдорду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу өзгөртүлдү. № 2, № 4 жана № 7 троллейбус каттамдарынын кыймылы убактылуу токтотулду. Учурда №11 жана №14 троллейбус каттамы гана жүрүүдө.

 

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост