Бишкектен Сеулга үзгүлтүксүз авиакаттамдын ачылышы пландалууда
Кореялык T’way Air Co., Ltd. авиакомпаниясы ушул жылдын 11-июнунда Сеул-Бишкек-Сеул багыты боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын ачууну максат кылууда.
«Манас» эл аралык аэропортунан Түштүк Кореянын борборуна биринчи жолу үзгүлтүксүз каттамдар аткарылат.
Сеулга каттамдар жумасына бир жолу аткарылат – учуу дүйшөмбүдө, конуу жекшембиде.
«МЭА» ААК аталган каттам боюнча суроолор болсо, жогоруда аталган авиакомпания менен түз байланышууну сунуштайт.