Бишкектен Ош шаарына 100 троллейбус жеткирилет
“Кыргызиндустрия” ААКтын туунду ишканасы “Кыргызчеттранс-Ош” ЖЧКсы 2-сентябрдан тарта Бишкектен Ош шаарына троллейбустарды ташып жеткирүү ишин баштады.
“Кыргызиндустрия” ишканасынан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Ош шаардык мэриясы тарабынан жарыяланган тендердин негизинде бул ишти алып баруу милдети “Кыргызчеттранс-Ош” ЖЧКсына жүктөлгөн.
“Негизинен 100 троллейбус, трасформаторлор, электр чубалгылары жана мамычалар жеткирилет. Жалпысынан 152 рейс жүргүзүлөт”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, “Кыргызчеттранс – Ош” ЖЧК – эл аралык жана ички жүк ташууларды уюштурууга багытталган транспорттук-логистикалык компания.