Бишкектен Москвага туруктуу авиакаттамдардын саны көбөйүшү күтүлүүдө

 Бишкектен Москвага туруктуу авиакаттамдардын саны көбөйүшү күтүлүүдө
«Манас эл аралык аэропорту» ААКнун маалыматы боюнча, Бишкектен Москвага туруктуу авиакаттамдардын саны көбөйүшү күтүлүүдө.
2023-жылдын 30-апрелинен тарта ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек-Москва-Бишкек багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачууну пландаштырууда, натыйжада Бишкектен Москвага үзгүлтүксүз авиакаттамдардын саны көбөйөт.
«Манас» аэропортунан Россиянын «Внуково» аэропортуна учуулар жумасына 2 жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарыла башташы күтүлүүдө.

Связанный пост